12.07.2019 17:46

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылды

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылды

Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага кайрылды. Бул туурасында адвокаттын өзүнө таянып, 24.kg жазып чыкты. 

Анын айтымында, жаңы кабыл алынган Кылмыш кодекси жана Жазык процессуалдык кодексиндеги иши тергөөдөгү адамдын камакта кармалуу мөөнөтүн чексиз узарта берүүгө мүмкүнчүлүк берген норма Негизги мыйзамга каршы келет. «Ошондо шектүүлөрдү эч кандай жүйөөлүү негиз жок эле Тергөө изоляторунда өмүрүнүн акырына чейин кармап тура берсе болот экен да. Мен биздин тергөө изоляторунда 7 жылан бери отурган адамды көргөнүм эсимде», — деген Нурбек Токтакунов.

Ал ЖЭБди жаңылоо иши боюнча соттук териштирүүлөрдүн жүрүшүндө бир нече жолу соттон ал коргоп жаткан адамдын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранып кайрылганын кошумчалады. 

УКМКнын Тергөө изоляторунда мурунку премьер-министр Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев, Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев, энергосектордун топ-менеджерлери Салайдин Авазов менен Айбек Калиев отурат. Баарына кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен айып тагылууда.